БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жыл жаңырган соңку бир суткада 298 ымыркай төрөлдү. Алардын 165и эркек балдар болсо, 133ү — кыз бала. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жаңы жылдын эсебинен биринчи болуп ымыркай Ош шаардык Перинаталдык борборунда жарык дүйнөгө келди. Ал 3, 300 килограмм салмакта, бою 51 сантиметр болуп төрөлгөн эркек бала экенин айтышты. Ошондой эле саат 00:05те Ысык-Ата районундагы төрөтканада салмагы 3,450 килограмм, бою 51 сантиметр болгон дагы эркек бала, ал эми Сокулук районунда саат 00:10д0 салмагы 3,175 килограмм, бою 51 сантиметр кыз төрөлгөн.
Бишкекте жаңы жыл түнү жалпысынан 46 аял көз жарды. Ымыркайлардын 22си эркек бала, 24ү кыз бала экени маалым болду.
Ошондой эле акыркы сутка ичинде Ош облусунда эгиздер да төрөлгөн.