Ким Чен Ын АКШ Азияда НАТОнун аналогун түзүүдө деп айыптады

Ал 2022-жылдан бери Кошмо Штаттардын Түндүк Кореяга аскердик басымын жогорулатып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жекшемби күнү, 1-январда, АКШ Азияда НАТОнун аналогун түзүүдө деп айыптады. Бул тууралуу ал республиканын Эмгек партиясынын пленумунда билдиргенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, 2022-жылдан бери АКШ Түндүк Кореяга аскердик басымын жогорулатып, аскерий потенциалын арттырды жана Түштүк Кореяга өзөктүк сокку уруу куралдарын жайгаштырууда.
"Альянсты чыңдоо" шылтоосу аркылуу Япония жана Түштүк Корея менен кызматташууну ишке ашырып, НАТОнун азиялык версиясы сыяктуу жаңы аскердик блокту түзүүгө аракет көрүп жатышат", — деген Ким Чен Ын.
Ал республика согуштун чыгышына жол бербей, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн өзүн-өзү коргонууну бекемдей турганын белгилеген.
Ошол эле күнү Ким Чен Ын континенттер аралык жаңы баллистикалык ракетаны иштеп чыгууга жана тактикалык өзөктүк куралды массалык түрдө чыгарууга буйрук бергени айтылды.
Ким Чен Ын: Түндүк Кореянын максаты — дүйнөдөгү эң күчтүү өзөктүк күчкө ээ болуу