ИИМ өлкөдө жаңы жылдын түнү кандай өткөнүн айтты

Милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана кылмыштарга бөгөт коюу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Өлкөдө жаңы жылдык түн тынч өттү, тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алар ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин кызматкерлери коомдук тартипти толугу менен камсыздап жатканын белгилеген.
"Республика боюнча кырдаал тынч. Учурда милиция кызматкерлери эл арасында тартипти сактоо жана кылмыштарга бөгөт коюу үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды өзүнө сак жана жоопкерчиликтүү болууга, мыйзамды сактоого чакырды.
Бир эле жолу катташы керек. ЖККББ эреже бузган таксисттерди көзөмөлгө алды