Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Германия Украинага болушуп, Россия менен күрөшүүгө алы жеткен жок

Февралдын аягында Германиянын канцлери Украинанын айланасындагы окуялардан улам өлкө коргонууга кеткен чыгымдарды көбөйтө турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2022-жылы Германиянын өкмөтү канцлер Олаф Шольцтун Россиянын Украинадагы атайын операциясына жооп катары койгон максаттарына жете алган жок. Бул тууралуу Spiked газетасынын баяндамачысы Сабина Бепплер-Шпаль жазганын РИА Новости билдирди.
"Он ай өттү, ал айткан zeitenwende (жаңы доорго өтүү) сөзү максатына жеткен жок", — деп жазылган маалыматта.
Автордун айтымында, азыркы өкмөт өзү үчүн дагы, Германия үчүн дагы жакшы бир нерсе кылган жок. Алар жаңы багыт да ала алышкан жок.
Буга чейин Германия жылдын сөзүн жарыялаган. Ал zeitenwende деп аталган, бул "доордун алмашуусу" же "жаңы доорго өтүү" дегенди билдирет. Висбаден шаарындагы Немец тили коомунун лингвисттери бул тандоосун Щольц Украинанын аймагында Россиянын атайын операция башталгандан бери көп колдонулганы менен түшүндүргөн.
Февраль айынын аягында Германиянын канцлери Украинанын айланасындагы окуялардан улам Германия коргонууга кеткен чыгымдарды көбөйтө турганын айткан.
Россия 24-февралда баштаган Украинадагы атайын операциясын улантып келет. Максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кордугуна, кыргынына дуушар болгон" Донбасстын элин коргоо зарылдыгы деп белгиленген. РФ президентинин айтымында, бул үчүн "Украинада денацификациялоо жана демилитаризация жүргүзүп", аскер кылмышкерлеринин баарын сот жообуна тартуу керек.
Күзүндө Россиянын курамына ДЭК, ЛЭК, Запорожье жана Херсон облустары кирген.
АКШда 2022-жылы Россия тууралуу жаңырган эң эле акылга сыйгыс калп аталды