Эл агылып келди! "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык майрамдын видеосу

Түндө борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына жаңы жылды тосуу үчүн шаардыктар жана коноктор агылып келди.
Sputnik
Аянтта бийиктиги 25 метрлик балаты орнотулган. Кечинде концерттик программа уюштурулуп, эл ыр-күлкүгө бөлөндү. Соңунда салюттар атылды.
Эске салсак, өткөн эки жыл катары менен баш калаанын бийлиги түтүндөн улам майрамдык салюттан баш тарткан. Майрамдык фейерверкти уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом бөлүнгөн.
Элдин көптүгүнө карабастан ИИМ түндө Жаңы жыл майрамы өлкөдө тынч өткөнүн белгиледи.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү саат бирден таңкы бешке чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан беш тоннадан ашык таштанды чыгарылганын билдирди.
Тема боюнча:
Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу. Видео