БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Баткен облусунда келерки жумада аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет айтып берди.
Жуманын алгачкы эки күнүндө аба ырайы ачык болору айтылат. 3-январда күндүз жана 4-январда көпчүлүк аймактарда кар түшүшү мүмкүн. Ал эми 5-6-январда кайра күн ачылат.
7-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
8-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар түшүшү ыктымал.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-январда күндүз жана 4-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.