БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү саат бирден таңкы бешке чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан беш тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жалпысынан таштанды тазалоого 60 адам жана жети техника колдонулду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жаңы жыл түнү борбордук көчөлөрдү тазалоо иштерине 500дөн ашык "тазалыкчы" жана 42 техника тартылганын билдиришти.