БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-декабрда, Бишкек шаарынын жанындагы "Норус" лыжа базасында болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы эс алуу аймагынын инфраструктурасын жана трассаларын көрүп чыгып, ошондой эле тоо боорлорунда лыжа тепкени маалым болду.
Эскерте кетсек, база КР президентинин иш башкармалыгынын балансында.