БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусундагы аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 1-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
2-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 3-4-январда да көпчүлүк аймактарда кар жаашы божомолдонууда.
5-6-январда жаан-чачын болбой турганы айтылды.
7-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачылат.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.