Садыр Жапаровдун дарегине келген куттуктоолор

Адамзат эски жылды узатып, жаңы 2023-жылдын босогосунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун дарегине бир катар жаңы жылдык куттуктоолор келип түшкөнүн маалымат кызматы билдирди.
Алардын катарында чет элдик мамлекет лидерлери, өкмөт жана парламент башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана башкалар бар.
Негизинен куттуктоо телеграммасын Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Россиянын Федералдык жыйын Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Чжан Мин, Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха жөнөткөн.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин да Садыр Жапаров жана жалпы кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктаган болчу.
Садыр Жапаровдун кандай байлыгы бар? 2021-жылдын декларациясы