БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Тизме башында өлкө президенти Садыр Жапаров турат.
Маалыматка караганда, ал 2021-жылы 997 миң сом иштеп тапкан. Ошондой эле президенттин наамына 0,6 гектар жер катталган. Ал эми жакын тууганынын наамында аянты 17,2 чарчы метрлик гаражы бар.