БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Келе жаткан жумада Ош облусундагы аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Ага ылайык, 1-2-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
3-январда айрым жерлеринде кар жааса, 4-январда көпчүлүк аймактарында жаан-чачын катуу жаары божомолдонууда.
5-7-январда күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-январда айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.