БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Tesla жана Starlink компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск 200 миллиард долларын жоготкон тарыхтагы биринчи адам болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
"51 жаштагы миллиардердин Tesla компаниясынын акциясы акыркы аптада 11 пайызга төмөндөгөндөн кийин байлыгы 137 миллиардга чейин түшүп калды. Масктын байлыгы 2021-жылы 4-ноябрда эң бийик чекке жеткен — анда ал 340 миллиард долларды түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Америкалык Tesla Motors электромобилдерди, технология жана ага байланыштуу техникаларды чыгарган компания катары 2003-жылы негизделген. Анда электр кыймылдаткычтары, батареялар да чыгарылып, ири эки автоунаа компанияларына жөнөтүлөт.
Ушул жылдын октябрь айынын соңунда Маск Twitter социалдык түйүнүн сатып алуу боюнча 44 миллиард долларлык келишимди аягына чыгарган. Андан кийин анын редакциялык саясатын иреттөөнү убадалап, контенттин ишин алып баруучулардын кеңеши түзүлөрүн белгилеген. Ал кеңеш ишке киргенге чейин бул платформа боюнча масштабдуу чечимдер кабыл алынбай турганын жана тыюу салынган аккаунттар кайра жандандырылбасын белгилеген. Маск социалдык тармак жакын арада көп жаңылыштыктарды кетириши мүмкүн экендигин эскертүү менен компания буга чейин иштеп келген функцияларды сактап калып, иштебей жаткандарын ишке киргизүүнү көздөп жатканын айткан.