"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы 2023-жылы да уланат

Мындай чечим лотерея жакшы натыйжа бергендиктен кабыл алынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын улантат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим лотерея жакшы натыйжа бергендиктен кабыл алынганы айтылды.
"Жарандар чек талап кылып, ишкерлер кассалык аппараттарды көбүрөөк колдоно баштады. Жыл ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон чарбалык субъектилердин саны үч эсеге көбөйүп, 64 миңди түздү", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы кыргызстандыктарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүдө чек талап кылууга чакырып, быйыл байгеге ээ болбогон ар бир адам 2023-жылы жеңүүчү болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Батир, унаа, iPhone 13... "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү