Бир эле жолу катташы керек. ЖККББ эреже бузган таксисттерди көзөмөлгө алды

Инспекторлор Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында эл ташып иштегендерди текшерип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) таксист Бишкектен чыгып (Нарын, Ысык-Көлгө — ред.), бир күндө бир эле жолу каттам жасагандыгын камера аркылуу текшерип жатат.
1 / 4

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) таксист Бишкектен чыгып (Нарын, Ысык-Көлгө — ред.), бир күндө бир эле жолу каттам жасагандыгын камера аркылуу текшерип жатат

2 / 4

Ведомствонун маалымат кызматы эл ташыгандар майрам күндөрүн пайдаланып, чарчаганына карабай акча арбын тапканга аракет кылып, рейске көп чыгып жатышканын айтышты

3 / 4

Анын кесепетинен уйкусу канбай, жолго чарчап чыгуу автокырсыкка алып келет

4 / 4

Бул идея ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго тиешелүү, аталган маселени аткаминер 26-августтагы жыйында көтөргөн

Ведомствонун маалымат кызматы эл ташыгандар майрам күндөрүн пайдаланып, чарчаганына карабай акча арбын тапканга аракет кылып, рейске көп чыгып жатышканын айтышты. Анын кесепетинен уйкусу канбай, жолго чарчап чыгуу автокырсыкка алып келет. Бул идея ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго тиешелүү, аталган маселени аткаминер 26-августтагы жыйында көтөргөн.
ЖКККББ кызматкерлери "Коопсуз шаардын" камерасы аркылуу Бишкек — Нарын, Бишкек — Ысык-Көл каттамына чыккандарды көзөмөлгө алды. Аларды токтотуп алып, бир күндө бир эле жолу жолго чыкканын ноутбук аркылуу карап, аныкташууда.
Андан сырткары, автоунаанын техникалык абалын жана жол кирени кымбаттатып жибербегендигин да текшерип жатышат.
Бустун айдоочулары GoBus автобустарынын Бишкектен Караколго катташына каршы