Россиянын жаранын коюп кеткен айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Айдоочуга "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия жаранын коюп кеткен BMW жолтандабасынын айдоочусу Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул туурасында Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Айдоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу 38 жаштагы россиялык Евгений Романов экени белгилүү. Аны 28-декбарь күнү кечинде Кулатов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесишинде машина сүзүп кеткен.
Ал эми жабырлануучунун билдиргенине караганда, койдуруп алгандан кийин рулдагы киши аны автоунаасына салып алып ооруканага эмес, УКМКга алып жөнөгөн. Жолдон опузалап, муунтканга аракет кылган. Романов УКМКнын дарбазасынын жанынан окуяны көргөндөр, жолдо өтүп бара жаткандар анын айдоочунун колунан бошонуп ооруканага кетишине көмөктөшкөнүн билдирди.
Россиялык буту сынганын, муунтуудан улам мойнунда тактар калганын айткан.
Ал эми УКМК айдоочунун атайын кызматта иштейм дегенин төгүндөгөн. Кийинчерээк анын кечирим сурап жаткан видеосу чыкты.
Боомдо Sprinter тосмону сүзүп, айдоочусу мүрт кетти. Каргашанын видеосу