Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кадыров Украинадагы операциянын катаал этабына даярданып жатканын билдирди

Кечээ Россиянын Коргоо министрлиги Донецк багытындагы чабуулун улантып жаңы, ыңгайлуу позицияларды ээлегенин кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы атайын аскердик операциянын экинчи этабына даярдык көрүлүп жатканы, ал "Возмездин" ("Өч алуу") деп аталарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биринчи этаптан өттүк, экинчисине даярданып жатабыз. Операция мындан ары катаал болот, "Өч алуу" уланууда", — деди Кадыров.
Октябрь айынын аягында ал Апти Алаудиновдун жетектөөсүндөгү чечен батальондору жана "Ахмат" атайын даярдыктагы аскерлери "Өч алуу" деп аталган өзүнчө атайын операция жүргүзүп жатканын кабарлаган. Анда Николаев-Кривой Рог багытында эле 657 украин аскери жок кылынып, 300ү жаракат алган.
Кечээ Россиянын Коргоо министрлиги аскер күчтөрү Донецк багытындагы чабуулун улантып жаңы, ыңгайлуу позицияларды ээлегенин билдирген.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо операциясын жүргүзүп жатат. Куралдуу күчтөргө Донбассты бошотуу жана Россияга коопсуздукту камсыздоо тапшырмасы коюлган.
Путиндин күчтү бекемдөө, "Сарматтын" ишке кирери жана жоокерлер тууралуу айткандары