Владимир Путин Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады

Россия лидери эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактар боюнча кызматташтыкты улантууга ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Путин Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери өнүгүп келе жатканын белгиледи. Тараптар евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында активдүү иш алып барып, регионалдык чакырыктарга жана эл аралык коопсуздукка каршы турууда бир муштум болуп биригип турганына токтолгон.
Ошондой эле Россия лидери кыргыз-орус элдеринин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантууга ишеним артты.
Путин менен Жапаров телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду