Дискотека уюштурулат. Жаңы жылда Ош шаарында өтчү концерттин программасы

Саат 20:00дөн тарта калаа мэри баштаган жетекчилер куттуктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында 31-декабрь күнү "Жаңы жыл — 2023" аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын программасы:
12:00-13:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы Балдар музыкалык мектеби жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;
13:00-14:00 — №2 Петр Чайковский атындагы Искусство мектебинин концерти;
14:00-15:00 — "Келечек" балдар чыгармачылык борборунун концерти;
15:00-16:00 — Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдеринин жаңы жылдык концерттик программасы;
16:00-17:00 — Ниязалы Борошев атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерти;
17:00-18:00 — Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерти;
18:00-19:00 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин концерти;
19:00-20:00 — Ош шаардык маданият башкармалыгынын жаңы жылдык концерттик программасы;
Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди Жаңы жылы менен аянтта куттуктап, азем фейерверк менен коштолот.
Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат.
Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери