БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Миграциялык мыйзамды бузган чет элдик жарандар баш-аягы 41 миллион сомдон ашык айып төлөдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып барган кызмат быйылкы жылдын 11 айында миграция чөйрөсүндө 7 962 укук бузууларды, анын ичинен чет элдик жарандардын 7 171 укук бузганын аныктаган.
Натыйжада айып салынып, мамлекеттик бюджетке 41 миллион 162 миң сом төгүлгөн. Өлкө аймагынан 17 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.