Кыргызстандын аэропорттору быйыл 5 млн. жүргүнчү тейледи

Беш миллионунчу жүргүнчүгө сертификаттар жана акысыз билет берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 2022-жылдын 29-декабрында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому бир жылда биринчи жолу беш миллион адамды тейлеп, жеңүүчү жүргүнчүнү тосуп алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

2022-жылдын 29-декабрында "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому бир жылда биринчи жолу беш миллион адамды тейлеп, жеңүүчү жүргүнчүнү тосуп алды

2 / 3

Маалыматка ылайык, беш миллионунчу жургүнчү болуп Иркутск шаарынан Бишкекке учуп келген Наркиза Абай кызы табылды

3 / 3

Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, "Манас" эл аралык аэропотунун башкы директору Манасбек Самидинов жана "Авиатраффик компани" авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Былтыр бул көрсөткүч 3,9 миллион болгон.
Маалыматка ылайык, беш миллионунчу жургүнчү болуп Иркутск шаарынан Бишкекке учуп келген Наркиза Абай кызы табылды. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, "Манас" эл аралык аэропотунун башкы директору Манасбек Самидинов жана "Авиатраффик компани" авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Наркиза Абай кызына 100 миң сомдук сертификат, эки акысыз билет (багытын өзү тандайт) жана "Манас" аэропортунун VIP-залына акысыз тейленүүгө сертификат берилди.
"Каракол" аэропорту 2023-жылы иштеп баштайт. Туманбаев курулуш учурун көрсөттү