Радио

Калдарбеков: "Кыргыз алтын" 9 айда 38 млрд. сом таза киреше тапты

"Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков 2022-жылдын 11 айында "Кыргыз алтын" салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча 5 миллиард сом өлчөмүндө каражат чегергенин айтты.
Sputnik
"Кыргыз алтын" тогуз айда 38 миллиард сом таза киреше тапты. Учурда биргелешкен ишканалар менен чогуу Кыргызстандагы алтындын 95 пайыздан ашыгын өндүрөт. Бул тууралуу Элдияр Калдарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кумтөр" ишканасы 11 айдын ичинде 206 миллион доллардын тегерегинде мамлекеттик бюджетке салык төлөдү.
"Быйыл "Кумтөрдү" Кыргызстандын эсебине өткөрүп алуу эң чоң жетишкендиктердин бири болду. "Кумтөр" эбегейсиз чоң ишкана катары эсептелип, 3 500дөн ашык адам иштейт. Ири компания быйылкы 11 айдын ичинде 206 миллион доллардын тегерегинде мамлекеттик бюджетке салык төлөдү. Мындан тышкары, ушул эле мезгилде "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча 5 миллиард сом өлчөмүндө акча которгон. Учурда биргелешкен ишканалар менен чогуу Кыргызстандагы алтындын 95 пайыздан ашыгын өндүрөт", — деди Калдарбеков.
Ошондой эле адис "Кыргыз алтын" ишканасы тоо-кен тармагына ири инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.