БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 2022-жылдын соңку күнү, 31-декабрь, салык органдары үчүн жумуш күнү экендигин аталган ведомстводон кабарлашты.
"Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үчүн 31-декабрь жумуш күнү деп белгиленди. Буга байланыштуу салык органдары салык төлөөчүлөрдү 31-декабрда кадимки иш тартибинде тейлешет", — деп билдиришти алар.
Мындан тышкары, мамлекеттик жана коммерциялык банктарга салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу үчүн министрлер кабинетинин ушул эле буйругу менен 31-декабрды жумуш күнү кылуу сунушталган.