Радио

Кайназаров: демографиялык жактан Кыргызстан жаш мамлекет

БУУнун Калк фондунун башчысы Бактыбек Кайназаров өлкөдө 24 жаштан төмөнкү курактагы жаштардын катмары 57 пайызга чейин жетерин айтты.
Sputnik
Демографиялык жактан алганда Кыргызстан жаш мамлекеттердин катарында. Алсак, жаштардын катмары өлкөдө 25 пайыздан ашат. Бул тууралуу Бактыбек Кайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгып, документти бекитүү этабында турат.
"Демографиялык жактан Кыргызстан жаш мамлекеттердин катарында турат. Мисалы, 24 жаштан төмөнкү курактагылардын катмары 57 пайызга чейин жетсе, жалпы жаштар калктын 26 пайызын камтыйт. Муну менен Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаштардын катмары боюнча алдыңкы орунда турат. Бизде 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыккан. Документ бекитилсе жаштардын өнүгүү багытына жакшы таасирин берет. Анткени демографиялык багыттын негизин түзүүдө жаштарга басым жасалат", — деди Кайназаров.
Ошондой эле адис стратегиялык жактан мамлекет жаштардын саламаттыгына, билимине, коопсуздугуна, экономикалык мүмкүнчүлүгүнө инвестиция жасашы керектигин кошумчалады.