БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Чүй облустук милициянын маалымат кызматы баасы 220 миң доллар турган 15 килограмм героин табылганын кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, баңгизат ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана облустук милиция тарабынан Бишкектин жака белиндеги конуштардын биринен аныкталган.
"21 жаштагы А.О. аттуу жарандан 15 баштык алынган. Аны таразага тартканда 14 килограмм 950 грамм чыкты. Экспертиза баштыкта героин болгонун аныктады. Алынган героиндин көмүскө базардагы баасы 220 миң доллардан ашат", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатат.