Жаңы жылда кесиптештерге кандай белек берсе болот? Адистин кеңеши

Адис жаңы жылда гүл берүүнү да унутпоо керектигин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамга кесиптештерге өтө кымбат эмес, ар тараптуу белек берүүдө чай жана кофенин түрлөрүнө, дүкөндөргө сертификат жана гүлдү караштыруу сунушталат. Бул тууралуу РИА Новостиге "Пакет" Х5 Group кызматынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Антон Афанасьев билдирди.
"Дүкөндөргө же ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө сертификат берүү ар кимге жашына, жынысына карабай турган ылайыктуу белек болуп саналат. Ага өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүзгө карап каалаган сумманы көрсөтүп койсоңуз болот", — деген ал.
Афанасьевдин айтымында, косметика менен парфюмерия — "өлбөс-өчпөс" белектердин катарына кирет.
"Жаңы жыл адатта гүл берилбей турган жылдын жалгыз майрамы. Бирок гүл бергенге эмнеге болбосун? Гүл сатуучулардын кызматына кайрылып, жаңы жылдык букет чогултсаңыз болот. Ваза жөнүндө да унутпаңыз. Мындай белек алган адам ылайыктуу идиш издөөдөн кутулганына сөзсүз кубанат", — деп кошумчалаган адис.
Бала мүнөз, бой көтөргөн... Кандай эркектер үйлөнбөй калары айтылды