Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР жана ЛЭР жаңы Конституцияны кабыл алышты

Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары 2022-жылдын 30-сентябрында кирген. Тиешелүү келишимге президент Владимир Путин кол койгон болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек.— Sputnik. Донецк элдик республикасынын парламенти аймактын жаңы Конституциясын кабыл алганын РИА Новости билдирди.
Документ эки окууда каралып, жыйындагы депутаттардын 76сы долбоорду колдогон. Республиканын башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин добуш берүү алдында парламентте сүйлөп жатып, бүгүн "жаңы Россиянын тарыхы" жазылып жатканын билдирди.
"Биз тарыхый окуянын катышуучуларыбыз. Негизги мыйзам балдарды үй-бүлөдө патриоттуулукка жана атуулдукка тарбиялоонун артыкчылыктарын белгилейт. Биз адилеттиктин жана абийирдин мыйзамдары боюнча жашоо укугу үчүн күрөшүп жатабыз", — деди Пушилин.
Жаңы Конституцияны бүгүн Луганск элдик республикасынын Элдик кеңешинин депутаттары да кабыл алышты.
Луганск жана Донецк элдик республикаларынын, Херсон жана Запорожье облустарынын Россияга кошулуусу боюнча референдум сентябрда өткөн. Калктын басымдуу бөлүгү демилгени колдогон.
30-сентябрда Кремлде Россия Федерациясына жаңы аймактарды кабыл алуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин төрт аймактын Россиянын курамына кириши боюнча мыйзамга кол койду