Ысык-Көлдө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түндө Кыргызстандын аймагында эки ирет жер силкинген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Түндө саат 23:16да Ысык-Көлдүн Кытай менен чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.
Маалыматта жердин титирегени Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Эки сааттан кийин кайра жер титиреп, күчү 4 баллга жеткен. Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагына караштуу Таш-Короо айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Мында да жабыркагандар жок экени айтылды.
Радио
Чекиров: Кыргызстанда 93 миң турак жай камсыздандырылды