Депутат: мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык төлөнбөй жатат

Буга чейин президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык төлөнбөй жаткандыгын депутат Кундузбек Сулайманов парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, президенттин август айынан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча жарлыгы бар. Бирок буга чейин Финансы министрлиги мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөндүктөн аларга үстөк акы берилбей тургандыгын айткан.
"13-айлык — бюджетте корголгон берене. Шайлоочулар "үстөк акчадан да ажыратып, эми 13-айлыкты бербей жатышат" деп чалууда. Бул берене 2023-жылдан тартып алынса, анда макул. Бирок азыр бул туура эмес болуп калат", — деп белгиледи Сулайманов.
Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тиешелүү комитетке протоколдук тапшырма берүүнү тапшырды.
Былтыр өлкөдө кайсы кесип ээлери көп айлык алган. Статистика