Жыйында бирөө да жок. Спикер "Ынтымак" фракциясынын депутаттарын издеп жатат

Төрага мыйзамдар кабыл алынып, маанилүү маселелер каралып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Ынтымак" фракциясынын депутаттарына эскертүү берди.
Буга алардын бир да өкүлү бүгүнкү жыйынга катышпаганы себеп болду.
"Ынтымак" фракциясынан эч ким жок. Аппарат кызматкерлери, ушуну тактап, маалымат берип койсоңуздар. Мындай мамиле болбойт. Канча мыйзамдар кабыл алынып, маанилүү маселелер каралып жатат. Залда "Ынтымак" фракциясынан бир дагы депутат жок. Эгер бир иш-чарасы болсо, сессияга туш келбеген учурда өткөрүшсүн, эч ким каршы эмес. Чакырып коюңуздар", — деди Шакиев.
Андан соң Sputnik Кыргызстандын кабарчысы "Ынтымак" фракциясынын бардык депутаттары учурда маалымат жыйын өткөрүп, жыл ичинде жасаган иштери тууралуу отчет берип жатканын биле алды.
Мадумаров айткан мыйзамсыз иштерди иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү