Спецназ Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Видео

Колго түшүрүлгөн адам 34 жашта, бир нече жолу соттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалгандыгын шаардык ИИМден билдиришти.
34 жаштагы жаран опузалоо фактысы боюнча бир нече жолу соттолгону маалымдалган.
Иштин материалдарына ылайык, шектүү 10-ноябрь күнү кечинде шериктери менен бир адамды Honda Fit унаасына салып, Кара-Жыгач айылына алып кеткен. Ал жерден сабап салабыз деп коркутуп, андан 2 500 доллар талап кылышкан. Жабырлануучу эки күндөн кийин милицияга кайрылган.
Кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Полковниктер. 4 облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды