Салык кызматынын лотореясынын үчүнчү туру эртең ойнотулат

Алгачкы лотерея 1-июлда ойнотулган. Бул акция кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, соодагерлерге касса чегин берүүгө көндүрүү максатын көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Эртең, 30-декабрда, "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү туру өтөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 миллиард сомго 18,7 миллион лотереялык ID-билет менен катышууда.
Финалдык оюнда 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Ошондой эле эки электромобиль да өз ээсин күтүп жатат. Ал эми баш байгенин ээси Бишкектен бир батирге ээ болот.
Лотерея 30-декабрда саат 15:00дө КТРК, "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана социалдык тармактарда түз эфирден көрсөтүлөт.
Кененирээк маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү