Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды. Сүрөт

Генералдык погонду ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери үчүн жаңы казарманы ачуу салтанатында тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров генералдык погонду төрт кишиге тапшырганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Аскердик жогорку наамды төмөнкүлөр алышты:
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов;
ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев;
ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков.
1 / 3

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов

2 / 3

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев

3 / 3

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков

Генералдык погонду ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери үчүн жаңы казарманы ачуу салтанатында тапшырган.
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери 150дөн ашуун киши генерал наамына ээ болгон.
Кыргызстанда канча адам генерал наамын алган. Тизме