БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты чет элдик валютаны алууда махинация кылган коммерциялык банктарга чара көрүү боюнча Улуттук банкка тапшырма берди.
Депутаттар 10 айдан бери эл тынымсыз даттанып жатканын айтып, жоопкерчиликти кароо боюнча токтом кабыл алды.
Демилгечи депутат Дастан Жумабеков токтом валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана банктык кызматтардан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Депутат Дастан Жумабеков
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Көптөгөн ишкерлерден, мигранттардан кайрылуу түшүп жатат. Бул импорттук товарлардын кимбаттап, экспорттун арзандап кетишин шарттайт. Эгер долларды сомго алмаштырса, банктар өздөрүнө ыңгайлуу курстарды коюп берүүдө. Ал эми накталай алууда сегиз ай мурун комиссия 0,33 пайызы эле кармалчу да, азыр пайызга чейин көтөрүлүп кетти. Ишкерлер товар сатып акчасын банктан алса 100 миң доллардан 5000 доллар кармап коюуда. Коммерциялык банктар быйыл 10 айда 20 миллиард сом киреше алып, ошонун баарын элдин ырыскысына кол салуудан тапкан. Элге кыянаттык кылган комбанктардын жоопкечилигин карагыла деп жатабыз", — деди Жумабеков.
Өз кезегинде Кундузбек Сулайманов валюта махинациясына Улуттук банктын өзү аралашкан деп айыптады.
Депутат Кундузбек Сулайманов
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Булар (Улуттук банк — ред) атайын унчукпай карап отурушат. "Жогорку Кеңеш сүйлөй берет, биз өз билгенибизди кылабыз" дегендей кылып жатышат. Улуттук банктын кызматкерлерине чара көрүш керек. Мындай кырдаал жаралгандан бери эч кандай иштерди жасаган жок. Андыктан төрагасынан баштап жөнөкөй кызматкерлерине чейин чара көрүү абзел", — деди Сулайманов.
Соңунда Жумабеков банкирлерге кайрылып, алкымын тыйып иштөөгө чакырды.
"Бир аз алкымды тыйыш керек да. 10 ай мурда кандай иштесеңер ошондой эле уланткыла. Кырдаалдан пайдаланып байып кетүү оюңардан баш тарткыла. Эгер токтотпосоңор катуу чара көрүү үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгабыз. Азыр жумшак мамиле кылып, токтом менен эле карап жатабыз", — деди Жумабеков.
Натыйжада Улуттук банк валюта рыногунда кырдаалды 1,5 айлык мөөнөттө текшерип чыга турган болду.