Ошто чек арада курман болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди

Облус жетекчиси резервдик фондунан каражат бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ош облусунда тажик тараптын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Ош облусунда тажик тараптын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди

2 / 3

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чек арада баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушкан

3 / 3

Ал өзүнүн резервдик фондунан беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берген.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чек арада баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушкан.
Ал өзүнүн резервдик фондунан беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берген.
Жамалдинов жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбастыгын жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
Депутат: көз жумган жоокердин бала-чакасы аскер бөлүктө жашоодо, үйдү ата-энеси алган