Одесса: бир түндө Екатерина IIнин, Суворовдун эстелигин алып салышкан видео

Sputnik
Одесса шаарындагы тарыхый адамдар — Екатерина II менен атактуу кол башчы Александр Суворовдун эстелигин алып салышты.
Шаарды түптөгөн ханышанын айкелин алып салууга порталда "жашоочулар добуш берген" дешти. Мурдараак Одесса калаасынын мэри Труханов эстеликти алып салуу коомчулукта нааразылык маанайды жаратарын жана Россияга ыктаган жарандардын санын арттырарын эскерткен. Бул билдирүүдөн кийин Украина президенти Украинанын коопсуздук кызматы менен ИИМден мэрдин Киевге "мамилесин" текшерүүгө буйрук бергени айтылды.
Тема боюнча:
Ригада тарыхый эстелик алынып, РФ элчилиги Латвияга нааразылыгын билдирди