Президент ар чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда сыйлыктар республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн ыйгарылганы белгиленди.
II даражадагы Манас ордени менен Геннадий Базаров жана Владимир Плоских, III даражадагы Манас ордени менен Арзыбек Бедияров, Жолдошбек Алишүкүров, Балтахун Нурунбетов сыйланышты. Курманжан Датка ордени Кайыргүл Сартбаевага ыйгарылды.
Сыйлангандардын толук тизмеси менен президенттин сайтынан таанышууга болот.
Өкмөт өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишине баа койду. Тизме