Радио

Кардиолог: кош бойлуу аял ультраүндүү текшерүүлөргө көп түшпөшү керек

Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов кош бойлуулуктун алгачкы 12 жумасынан түйүлдүктүн кийинки ден соолугу көз каранды болорун айтты.
Sputnik
Азыркы учурда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар көбөйдү деген тынчсыздануу күч. Мунун эки негизги себеби бар. Биринчиден, азыр технология жакшырып, ар кандай техникалык мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Экинчиден, кош бойлуу энелердин өзүн алып жүрүүсүнө көңүл буруу керек. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, зарылчылык жок болсо кош бойлуу аялдар алгачкы 12 жума аралыгында УЗИ жана башка түрдүү ультранурлуу аппараттарга ыксыз көп текшерилбей эле койгону дурус.
"Аял кош бойлуу болгон учурда алгачкы 12 жума аралыгында баланын жүрөгү калыптанат. Бул учурда эне тамеки чегип, спирт ичимдиктерин ичип, шарты начар жерде жашап, жеп-ичкен тамагы сапатсыз болуп түрдүү химикаттарды ченемсиз жей берсе же дарыгердин уруксатысыз ар кандай дарыларды, витаминдерди ичсе, УЗИ жана башка ультранурлуу аппараттарга көп түшсө бала жүрөк кемтиги менен төрөлүүсү толук мүмкүн. Ошондой эле бул илдет тукум кууйт. Ал эми кемтиктин олуттуулуугуна жараша бала төрөлөрү менен операция талап кылынат же наристенин чоңоюшу менен өзү жетилип кетет, муну тиешелүү врачтар аныктайт. Кандай болгон күндө да ата-энелер жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлардын диагнозу бири-бириникине окшошпой турганын билиши керек. Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн бир балага операция кереги жок, ал эми сиздин балага тезинен операция жасалышы керек болсо тиги кошунанын баласы ичкен дарыларды өз алдынча ичип, операциядан качып жана башка аракеттерди жасабай дарыгерлерди угуу сунушталат", — деди Осмонов.
Дарыгер жүрөк кемтиги менен төрөлүү бул майыптык эмес экенин кошумчалады.