Радио

Аргынбаева: тажрыйбалуу актерлорго гримди кандай жасасаң да жагат

Гример Акылай Аргынбаева Кыргызтанда грим жасоо үчүн каражат жетишсиз болгондуктан көпчүлүк учурда Москвадан буйрутма кылып алдырарын айтты.
Sputnik
Бир гримди жасоо үчүн эң аз дегенде 20 мүнөт талап кылынат. Бул тууралуу Акылай Аргынбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тажрыйбалуу актерлор күзгүгө деле карабай гримерго толук ишенишет.
"Тажрыйбалуу актерлорго гримди кандай жасасаң да жагат. Кино дүйнөсүнө жаңыдан аралашып жаткандар жасалган гримге айрым учурда ичи чыкпай калышы мүмкүн. Ал эми көптөн бери киного тартылып жүргөндөр грим жасагандан кийин күзгүгө деле карабастан съемкага шашып кетишет. Тартуу учурунда бизге грим үчүн аз эле убакыт бөлүнөт. Бир гримди жасоо үчүн эң аз 20 мүнөт убакыт талап кылынат. Көп учурда режиссер шаштырып актерлорду чакырып калат. Гример актердун бетин гана карабайт. Чачына жана кийип турган кийимдерине да көңүл бурат. Алгач сценарий менен таанышып, актердун образына жараша кооздогонго аракеттенебиз. Айрым учурларда бир эле актерду жаш кылып да, кары кылып да көрсөтүүгө туура келет. Оор гримдер көп убакытты талап кылат жана бир аз кыйынчылык жаратат. Биз негизи гримдин жеңил түрүнө басым жасайбыз", — деди Аргынбаева.
Ал Кыргызстанда гримерлордун саны өтө эле аз экенин кошумчалады.