Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова президенттен сыйлык алды

Спикер сыйлык алгандарды парламенттин жыйынында куттуктады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мамлекеттик сыйлыктарды алды. Бул туурасында төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
1 / 3

ЖК депутаты Чолпон Султанбекова

2 / 3

ЖК депутаты Чолпон Султанбекова

3 / 3

ЖК депутаты Камила Талиева

Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, эл өкүлү Чолпон Султанбекова Даңк ордени менен сыйланды. Надира Нарматова жана Камила Талиева "Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер" наамын алды.
"Кесиптештерибизди ардактуу наамы менен куттуктайбыз. Сыйлык сиздердики, сыймык биздики", — деди спикер.
Президент ар чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме