Чүй облусундагы түзөтүү мекемелерине ири өлчөмдөгү баңгизат алып кирип турган канал аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишине ИИМдин каттоосунда турган топтун лидери, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, баңгизат ташуу каналынын уюштуруучусу, колонияда жазасын өтөп жаткан 34 жаштагы У. А. тиешеси бар деп табылган. Ошондой эле "баңгизаттардын үстүнөн көзөмөлдөөчү" делген 28 жаштагы соттолгон У. Д. да аныкталган.
Мындан сырткары, баңгизат каражаттарын өткөрүп жаткан жеринен 27 жана 24 жаштагы эки жаран кармалганы айтылды. Алардын жанынан кармоо учурунда жалпы салмагы үч килограммга жеткен гашиш заты табылган.
Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар топтун башка мүчөлөрү изделүүдө.
Тема боюнча: