Бишкекте ИИМдин ички аскерлери үчүн жаңы казарма ачылды. Сүрөт

Жаңы имараттын курулушу президенттин демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкекте ИИМдин ички аскерлери үчүн жаңы казарма ачылып, аземге президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Бишкекте ИИМдин ички аскерлери үчүн жаңы казарма ачылып, аземге президент Садыр Жапаров катышты

2 / 5

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

3 / 5

Казармага коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып турган ички аскерлердин борбор калаада жайгашкан 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жайгаштырылмакчы. Имарат 100 кишиге ылайыкталган

4 / 5

Жапаров аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, дем-күч каалаган

5 / 5

Жаңы имараттын курулушу Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталып, үч айдан кийин пайдаланууга берилген

Казармага коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып турган ички аскерлердин борбор калаада жайгашкан 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жайгаштырылмакчы. Имарат 100 кишиге ылайыкталган.
"Өздүк курам үчүн кызматка зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы да чыңдалды. Мамлекеттик резиденциянын аймагында ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери алдыга коюлган милдеттерин так аткарып, мекен үчүн өтөгөн кызматын дагы арттырып, сапатын ого бетер жогорулатат деп ишенем", — деди президент.
Жапаров аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, дем-күч каалаган.
Жаңы имараттын курулушу Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталып, үч айдан кийин пайдаланууга берилген.
Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды. Сүрөт