Жаңы жылдык эс алууда "Бишкек суу канал" күнү-түнү тынымсыз иштейт

Мэрия бардык иш шаардыктардын ыңгайы үчүн жасалып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамынан кийинки дем алыш күндөрдө "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө шаар тургундарынын ыңгайы үчүн биздин башкармалыктын авариялык бригадасынын жана түзүмдүн атайын техникаларынын графиги түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, суу түтүктөрүндө авариялык абал жаралса жашоочулар сутканын каалаган убактысында 0312 56-03-20 номерине же 1533 кыска номерине чалса болот. Диспетчерлер дем алышсыз, күнү-түнү иштешет.
"Унаа" мекемесинин майрам күндөрдөгү графиги