Айдоочу Бишкекте тротуарда россиялыкты койдуруп кеткен видео. Чоо-жайы

Рулдагы киши өзү айткандай чындыгында эле атайын кызматта иштейби же жокпу, азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Кулатов көчөсүндө айдоочу жөө кишини койдуруп кеткен.
Жабырланган адам Россиянын жараны — Евгений Романов аттуу адам экени белгилүү болду. Ал өзү окуя кечээ болгондугун, рулдагы киши УКМКда иштейм дегенин айтты.
Кырсыкка күбө болгондор BMW X5 автоунаасын 35-40 жаштын тегерегиндеги, ичип алгандай абалдагы адам айдап жүргөнүн айтышты.
Ал эми жабырлануучунун билдиргенине караганда, койдуруп алгандан кийин рулдагы киши аны автоунаасына салып алып, ооруканага эмес, УКМКга алып жөнөгөн. Жолдон опузалап, муунтканга аракет кылган. Романов УКМКнын дарбазасынын жанынан окуяны көргөндөр, жолдо өтүп бара жаткандар россиялыктын айдоочунун колунан бошонуп ооруканага кетишине көмөктөшкөн.
Жабырлануучу буту сынганын, ал эми мойнунда муунтулгандан издер калганын айтты.
Бишкектеги активисттер Романовго юридикалык жана башка жардамды сунуш кылышты. Социалдык тармактын колдонуучулары BMW X5 автоунаасынын айдоочусунун мындай кылыгына нааразылыгын билдирип жатышат. Рулдагы киши өзү айткандай чындыгында эле атайын кызматта иштейби же жокпу, азырынча белгисиз. УКМКнын маалымат кызматы учурда ал адамдын чындыгында эле мамлекеттик комитетте иштээр-иштебесин тактап жатат.
Жабырлануучу түндө ага милиционерлер келгендигин жана арыз жазгандыгын айтып берди. Учурда Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматы бул боюнча билдирүү даярдап жатат.
Лейлекте айдоочулук күбөлүгү жок бакча кызматкери алты бөбөктү койдуруп кетти