Акылбек Жапаров депутаттарды резиденцияга чайга чакырды

Эл өкүлдөрү бүгүн саат 18:00дө резиденцияга барарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын чайга чакырды. Маалыматты эл өкүлдөрү тастыктады.
Өкмөт башчы жаңы жылга карата резиденцияга бүгүн саат 18:00гө майрамдык дасторконго чакырганы белгилүү болду. Ага өкмөт мүчөлөрү жана каалоочу депутаттар катышат.
Депутаттар Нарматова, Талиева жана Султанбекова президенттен сыйлык алды