Полковниктер. 4 облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды

Бир күн мурда Нарын жана Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчилери кызматтан алынган. Алардын айрымдарынын кызматкерлеринин уюшкан кылмыштуу топтордун жасаган кылмыштарын жаап-жашыргандыгы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бүгүн, 28-декабрда, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын Ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, жаңы дайындалган жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.
"Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылуу керектигин белгилейм", — деген Ниязбеков.
Ротацияланган жетекчилердин тизмеси:
Нарын облустук ИИБ жетекчиси болуп милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБди башкарып турган;
Жалал-Абад ОИИБ башчылыгына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин жетекчиси болчу;
Ош ОИИБди милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков башкармакчы. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу боюнча кызматынын башчысы болчу;
Ысык-Көл ОИИБди милициянын полковниги Орунбай Кочкоров жетектемекчи. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары эле.
1 / 4

Нарын облустук ИИБ жетекчиси болуп милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБди башкарып турган

2 / 4

Жалал-Абад ОИИБ башчылыгына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин жетекчиси болчу

3 / 4

Ош ОИИБди милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков башкармакчы. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу боюнча кызматынын башчысы болчу

4 / 4

Ысык-Көл ОИИБди милициянын полковниги Орунбай Кочкоров жетектемекчи. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары эле

Буга чейин ички иштер министри Уланбек Ниязбеков жергиликтүү милиционерлер бандиттер менен дос, тааныш болуп калганын билдирген. Буга Кочкордо акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана кылмышты жашырган милиция кызматкерлеринин кармалышы себеп болгон.
Мындан кийин Нарын милициясынын 31 кызматкери жазаланган. Алардын арасында Дастан Жумабековдун агасы да бар.
Ошондой эле Сузак райондук милициясынын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштарын жашырган факты аныкталып, бир нече милиция жетекчиси кызматынан алынган.
Кафе ээсине ыдык көрсөткөндөрдү калкалаган Кочкор РИИБдин жетекчилиги кармалды