Радио

Этнограф: сөөлөт дөөлөттөн айырмаланып ар кимге эле келе бербейт

Этнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев дөөлөт менен сөөлөттүн айырмасын түшүндүрүп берди.
Sputnik
Кыргызда дөөлөт жана сөөлөт түшүнүгү бар. Дөөлөт деп ата-бабаларыбыз байлык, бийликтин келгенин аташкан. Бул тууралуу Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, байыркы кыргыздар дөөлөттү баласы, туугандары, аялы, ал тургай кандайдыр бир тумар аркылуу жараткандын бергени деп кабылдашкан.
"Колунда байлыгы бар адам кадимкидей дөөлөт күтөт. Ага бирөөлөр жардам сурап кайрылып турушат, туура эмес сүйлөсө да сөзү өтүмдүү болот. Ал эми сөөлөт байлык, бийлик менен эле кошо келе калган эмес. Ал ырым-жырым, каада-салт, жүрүм-туруму, элге жасаган мамилеси менен келчү түшүнүк. "Дөөлөтү жок болсо да сөөлөтү" деген ушундан улам айтылып калган. Сөөлөттүү киши эл алдында абройлуу. Ал бай болбосо да билимдүү, калыс, жөн билги кеменгер киши болгону үчүн аны журт сыйлайт, кебин угат. Сөөлөттүү кишинин жаш курагы маанилүү эмес. "Акыл — жаштан" дегендей, кээ бир учурда жаштардын деле сөөлөттүүсү чыгат. Сөөлөттүү киши эч качан ойду-келди сүйлөбөйт, ашыкча сөз айтып кереги жок кепти талкуулабайт. Жаш балдар, кыз-келиндер, улуу адамдар менен орой же ыгы жок тамашалашып сүйлөшпөйт. Бир сөз менен айтканда, мындай адамдар башканын көңүлүн, маанайын эске алып мамиле жасаган жүрүм-туруму менен айланасын суктанткан кишилерден болушат", — деди Капалбаев.
Ал азыркы учурда сөөлөткө анчейин көңүл бурулбай келерин кошумчалады.