Салык кызматы КНСти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Системаны ишке киргизүүнүн аркасында 277 млн. сом суммадагы КНСтин дал келбестиги аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Декабрь айынан баштап кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлады.
"КНС" системасы фискалдык маалыматтарды автоматтык режимде иштеп чыгуучу аналитикалык платформаны жана аналитикалык инструменттен турат.
"КНС" боюнча отчётторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан таризделген башка баштапкы документтерге салык инспекторлору кийлигишпейт. Тагыраагы, ага система өзү автономдук режимде талдоо жүргүзөт", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Система айырмачылыктарды карайт, аталган салык боюнча тобокелдик деңгээлин эсептейт, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн байланыштарын визуалдаштырат.
"КНСти" киргизүү маалыматтарды текшерүү жана талдоо убактысын кыйла кыскартары, салыктык башкарууну жеңилдетери, салык кызматкерлеринин ишкерлер менен түзмө-түз байланышын азайтары айтылды.
Система иштеп баштагандан кийин бир катар талдоолорду жүргүзүп, кемчиликтерди таап чыккан.
"Системаны ишке киргизүүнүн аркасында Салык кызматы отчёттук маалыматтарда 277 млн. сом суммасындагы КНСтин дал келбестигин аныктап, анын ичинен өлкөнүн бюджетине 40 млн. сомдон ашык каражат келип түштү", — деп билдирди Салык кызматы.
Мамдума төрагасы релоканттарга салыкты көтөрүүнү сунуштады