Талап кылардан мурун үлгү болгула. Садыр Жапаров той берген аткаминерлерди зекиди

Өлкө башчы ысырапкорлукка каршы күрөш улантыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аткаминерлерди ысырапкорлук кылып 500-100 киши чакырып той бербей, элге үлгү болууга чакырды.
Эскерте кетсек, учурда министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйыны өтүп жатат. Өлкө башчы "Кыргыз жараны" концепциясы тууралуу айтып келип, ысырапкорлукка басым жасады. Анын айтымында, буга каршы күрөшүүдө дин өкүлдөрү жакшы жардам берүүдө.
"Аткаминерлер элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым жасап келген фактылар бар. Бул маселеге да көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден талап кылардан мурда аткаминерлер өздөрү үлгү болушу керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып, дүңгүрөгөн тойлорду беришет. Аларды көргөн карапайым калк акчасы жок болсо да намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип жатат", — деди Жапаров.
Президент ысырапкорлукка каршы күрөш улантыларын белгиледи.
Садыр Жапаров: кырдаал начарлап кетиши мүмкүн, элди үнөмдүү болууга чакырам