Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылы ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-декабрдан тарта башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2023-2024-окуу жылына карата Россиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Россия өкмөтү тарабынан белгиленген квотага ылайык, окутуу федералдык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
Документтер 2022-жылдын 23-декабрынан 2023-жылдын 20-февралына чейин расмий сайтында гана кабыл алынаары айтылды.
Кененирээк маалымат алуу үчүн кызыккан тараптар https://uchebarf.kg/ сайтына баш багып, маалымат топтосо болот.
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрда башталат